Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Садыр Жапаров Өмүрбек Бабанов менен жолукканы кабарланды


Садыр Жапаров жана Өмүрбек Бабанов. Коллаж сүрөт.
Садыр Жапаров жана Өмүрбек Бабанов. Коллаж сүрөт.

«Азаттыктын» ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда Жогорку Кеңеш премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн Садыр Жапаров менен «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 13-октябрда жолукту. Маалыматта эки саясатчы өлкөдөгү азыркы кырдаалды талкуулаганы жана саясий күчтөр өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга барышы керек экендиги жөнүндө сүйлөшкөнү кабарланды.

Айрым маалымат булактары Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын мүчөлөрү Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, кырдаалды талкуулашканын да кабарлап жатышат.

Мирлан Жээнчороев жолугушуу болгонун бышыктап, кырдаалды турукташтыруу багытында көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын журналисттерге билдирди.

Садыр Жапаров 6-октябрдагы өлкөдөгү окуялар учурунда абактан чыккан. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү менен премьер-министрликке көрсөткөнүн кабарланып, анын чечимдери боюнча талаш жаралып келген.

Бүгүн, 14-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн курамын, түзүмүн, программасын карап жатат. Жалпы жыйындын алдында коалициялык көпчүлүк Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка сунуш кылган чечим кабыл алды.

Буга чейин «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа» партиялары коалиция түзүп, Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөтө турганын жарыялаган. Бирок бул сунуш парламентке жеткен жок.

XS
SM
MD
LG