Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Садыр Жапаров парламентке өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн сунуш кылды (тизме)


Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин чукул жыйынында. 2020-жылдын 14-октябрында.
Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин чукул жыйынында. 2020-жылдын 14-октябрында.

Премьер-министрликке талапкерлиги парламентте карала баштаган Садыр Жапаров өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирип, тизмесин жарыялады.

Ага ылайык мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьерликке, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматтарга сунуш кылынып жатат.

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү болуп Бактыбек Аманбаев өкмөттүк аппаратка жетекчиси-министр кызматына, Кыялбек Мукашев финансы министрлигине, Бакыт Бердалиев транспорт жана жол министрлигине, Марат Жаманкулов юстиция министрлигине, Руслан Казакпаев тышкы иштер министрлигине, Улан Ниязбеков ички иштер министрлигине, Бообек Ажыкеев өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министрлигине, Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министрлигине, Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчилигине сунуш кылынып жатканы белгилүү болду.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Буга чейин парламент эки жолу чукул жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду бекиткенин жарыялаган. Бирок ошол чечимдердин мыйзамдуулугу суроо жараткандыктан бүгүн маселе Жогорку Кеңеште кайрадан каралып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG