Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Укук коргоо уюму Кыргызстанды Интернет жарым-жартылай эркин өлкө деп тапты


Интернет эркиндиги дүйнөдө онунчу жыл катары менен азайды. Бул тууралуу «Freedom House» эл аралык укук коргоо уюму шаршембиде чыгарган баяндамасында айтылат. Анда белгиленгендей, коронавирус пандемиясынан пайдаланып, жер жүзүндөгү өкмөттөр Интернетти көзөмөлдөөнүн масштабын кеңейтишти. Алар башкача пикирин билдиргендерди куугунтуктап жатышты жана коомду көзөмөлдөш үчүн технологиялык системаларды курушту.

Вашингтондо жайгашкан уюм былтыркы июндан быйылкы май айына чейин 65 өлкөдөгү абалды изилдеп, 25 өлкөдө бул чаралар Интернеттеги эркиндиктин чектелишине алып келгенин жазат.
Кыргызстан, Мьянма, Индия, Эквадор жана Нигерия эң жапа чеккен мамлекеттердин арасында аталган. 22 өлкөдө гана жакшы жылыш байкалган.

АКШда төртүнчү жыл катары менен Интернет эркиндиги чектелип келатат, деген бүтүмгө келди уюм.

«Пандемия коомдун дигиталдык технологияларды көбүрөөк пайдаланышына алып келди. Жарандардын жеке купуялыгы, мыйзам үстөмдүгү сакталбаса, ал технологиялар саясий репрессиялар үчүн колдонулушу ыктымал», - деди «Freedom House» уюмунун төрагасы Майкл Абрамович.

Изилдөөдө Интернет колдонуучуларга жолтоо болгон, укуктарын бузган, Дүйнөлүк желеде жарыяланган материалдардын мазмунун чектөө өңдүү 21 көрсөткүч эске алынган. Ар бир өлкө 100дөн 0 упайга чейин алган. Анын негизинде «эркин», «жарым-жартылай эркин» же «эркин» эмес деп аталды.

Эркин эместердин катарында Кытай, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Иран турат.

Кыргызстан «жарым-жартылай» эркин деп аталып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо учурунда Интернет айрым жерлерде өчүрүлгөнү, жогорку деңгээлдеги коррупциялык иштерди иликтөөгө байланыштуу бир катар журналисттер «опузаланып, ал түгүл чабуулдар» болгону, алардын сайттары чабуулдарга туш болгону айтылат.

Докладда белгиленгендей, өлкө бийлиги социалдык тармактардын колдонуучуларын куугунтуктоо уланды. Айрым учурларда аларга жек көрүүчүлүккө шыкактоо деген жалган айыптар коюлуп келди.

Эркин дегендердин арасында АКШ, Грузия, Армения жана Венгрия бар.

XS
SM
MD
LG