Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Садыр Жапаров: Криминал түп-тамыры менен жоголот, саясий куугунтук болбойт


Садыр Жапаров. «Ала-Арча» резиденциясы. 2020-жылдын 10-октябры.
Садыр Жапаров. «Ала-Арча» резиденциясы. 2020-жылдын 10-октябры.

Премьер-министрликке шайланган Садыр Жапаров Кыргызстанда криминалды түп-тамырынан жок кылат, саясий куугунтукка жол бербейт. Бул тууралуу ал 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

«Криминал деген түп-тамыры менен жок болот. Катуу күрөшөбүз. Жок болот, криминал. Келгиле, өнүккөн өлкөлөр сыяктуу криминалды жок кылып, таза, өнүккөн мамлекетти түзөлүчү. Силер жардам бергилечи, мага. Саясий эч кандай куугунтук болбойт. Мен сиздерге сөз берем. Саясий куугунтуктан мен, менин үй-бүлөм жана бир туугандарыбыз, баарыбыз жон терибиз менен өттүк. Саясий куугунтуктан, адилетсиздиктен менчелик өткөн араңыздарда бир да адам жок болушу керек».

14-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлап, өкмөттүн курамын жана түзүмүн бекитти. Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депуттарынын бир бөлүгүнүн кароосуна 6-октябрдагы жана 10-октябрдагы программасын парламентке толуктап алып келүүгө убада берди.

Садыр Жапаров 6-октябрга караган түнү Бишкекте башталган саясий башаламандык учурунда түрмөдөн бошонуп чыккан. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, бийлик өкүлүн барымтага алган» деген негизде иш козголуп, 2018-жылы 11,5 жылга кесилген. 2019-жылы ал жазасы 10 жылдык жазага алмаштырылган. Жапаров 2013-жылдагы кылмыш иши «саясий буюртма» болгонун, кылмыш кылбаганын айтып келатат. Жогорку сот мурдараак Садыр Жапаровдун иши кайра кароого төмөнкү инстанцияга жиберилгенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG