Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Адвокат: Темирлан Султанбековду сот үй камагына чыгарды


Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.
Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.

Шаардык сот «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбековду үй камагына чыгарууга макул болду. Бул тууралуу 14-октябрда «Азаттыкка» анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди:

«Үй камагына чыкты. Азыр чечимди алып, милициянын убактылуу кармоочу жайынан чыгарып келебиз. Мыйзам боюнча, мөөнөтү 10-декабрга чейин болуш керек».

22 жаштагы Темирлан Султанбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. Ал Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу 10-октябрда козголгон кылмыш ишинин негизинде Кой-Таш айылында кармалган.

11-октябрдан тартып ачкачылык жарыялаганын журналисттерге айткан.

12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбековду №1 тергөө абагына эки айга камоону чечкен.

Жаш саясатчы кармоо учурунда сабалганын жана кыйноого кабылганын 12-октябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун мүчөлөрү менен жолугушууда билдирген.

Султанбеков бошотулушу керек экенин бир топ саясатчылар айтып чыгышкан жана бул суроо жаңы шайланган өкмөт башчыга да, парламент спикерине да берилген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана аны менен кошо камалгандарды тарапкерлери абактан бошоткон. Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети адамды жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон. (RK)

XS
SM
MD
LG