Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:19

Ооганстандын Гилменд чөлкөмүндө эки тик учак кагылышты


Гилменддеги жер которгон адамдар. 14-октябрь, 2020-жыл.
Гилменддеги жер которгон адамдар. 14-октябрь, 2020-жыл.

Ооганстандын Коргоо министрлиги Гилменд провинциясында эки тик учак кагылышканда тогуз киши курман болгонун билдирди. Кырсык 14-октябрдын түнүндө «техникалык себептерден» улам болгону кабарланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлү тик учактар жарадар болгон аскерлерди ташып кетип жатканда кагылышканын «Азаттык» радиосунун ооган кызматына маалымдады. Гилменд чөлкөмүндө талиб согушкерлери менен армиянын кармаштары бир нече күндөн бери уланып жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашкандай, карапайым адамдар арасында жоготуулардын алдын алыш үчүн аскерлер буга чейин чегинип, эми ошол жерлерди кайтарууга аракеттенишүүдө.

12-октябрда АКШ аскерлери ооган күчтөрүнө көмөктөшүп абадан сокку урушканын билдиришкен.

Гилменддин качкындар боюнча кеңсесинин жетекчиси Мохаммад Рамин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна 13-октябрда маалымдагандай, салгылашуулардан качкан беш миңдей үй-бүлөнүн басымдуу бөлүгү борбор шаар Лашкар Гахка ооп барды. Рамин жер которгондор көбөйүп баратканын белгиледи.

Кармаштар Катарда Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрү менен кыймылдын сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан кезде болуп жатат.

XS
SM
MD
LG