Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Жапаров: Атамбаевди мен эмес, президентке баш ийген органдар камады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Премьер-министр Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын кайра камалышына тиешеси жок экенин билдирди. 14-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып өкмөт башчы аларды президентке баш ийген мекемелер камаганын айтты жана саясий куугунтук болбой турганын белгиледи:

«Мен өзүм сегиз жылдан бери саясий куугунтукта жүргөн адам катары мындай куугунтук болбойт деп сөз бере алам. Бир эмес, эки жолу камалып чыктым. Үй-бүлөм, бала-чакам, бир туугандарым запкы жеди. А эгер кандайдыр бир экономикалык кылмыштар менен мамлекетке зыян келтирген болсо, анда башка иш. Мен соттордун, прокуратуранын ишине кийлигише албайм. Эгер ошолор камаган болсо, мен сөзсүз сурап, тактап, эл-журтка так маалымат жеткирип турам. Мен Атамбаевдерди каматкан жокмун. Укугум да жок, каматканга. Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президентке баш ийет. Ошол жак камады. Менин ага тиешем жок».

Атамбаев да, Жапаров да 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясы учурундагы башаламандыкта тарапташтарынын күчү менен абактан бошотулган. Атамбаев жана анын айрым тарапкерлери 10-октябрда кайра камалган. Жапаров бүгүн 14-октябрда өкмөт башчылыкка дайындалды. (RK)

XS
SM
MD
LG