Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Касымалиева Садыр Жапаровго: бир да жолу тарапташтарыңызды тынчтандырып койгон жоксуз


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин 14-октябрда Садыр Жапаровду премьер-министр катары жана өкмөттүн курамы менен программасын бекиткен чукул жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева митингчилерден келген коркутуп-үркүтүү тууралуу айтты. Ал Жапаровго кайрылып, аны сындагандарды коркуткандарды тыюуга чакырды:

«Түнү менен эч ким уктаган жок. Сиздин тарапташтарыңыз «үйдү өрттөйбүз, башын жанчыйбыз» деген маселелер болду. Менден эле эмес, башкалардан да дооматтар айтылды. Сиз бир да жолу чыгып, тарапташтарыңызды тынчтандырып, агрессияны жоюп, аларга кайрылып койгон жоксуз. Эмнеге? Бул чочулатат. Бул жакка келгенде биз «легитимсиз жыйын» дегенде эл менен кеңешпей туруп Баш мыйзамга каршы сөздөрдү айттыңыз. Бул да бир эле мени вице-спикер катары эмес, эл аралык коомчулукту жана мыйзам чегинде жашагандардын баарын чоочутат.»

Депутат ошондой эле парламенттин 10-октябрдагы кезексиз жыйынын токтомуна кол коюудан баш тарткан аппараттын юристтерине үйүнө чейин барып коркуткандар болгонун маалымдады. Касымалиева муну такташ үчүн укук коргоо органдарына тапшырма берүүнү өтүндү. Ал парламент аппаратына мындай басым кылуу жарабай турганын айтты.

Садыр Жапаров берген жообунда өзүнө каршы күчтөр иштеп, жаманатты кылып жатканын билдирди.

«Эл «адилетсиз шайлоо болду, коррупция күчөп кетти» деп талап кылган. Шайлоонун кесепетинен болуп атпайбы. «Президент кетсин» деп чыгып атышат. Мен «мындай болуп атат» деп элге кайрылсам, эл ого бетер көтөрүлүп, коомдук-саясий абал ого бетер курчуп кетмек. Анда мен ачыгын айтышым керек болот. «Биринчи макулдашып алып, эми баш тартып атат» деген сөздөр айтылып, балким ашыкча сөз чыгып кетеби деп унчукпай отурдум», - деди Жапаров.

10-октябрдагы кезексиз сессиянын вице-спикер Мирлан Бакиров кол коюп жөнөткөн өкмөттү бекиткен токтомун президен 13-октябрда кайтарып берген. Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылган.

Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык президенттин сайтына жарыяланды. (NT)

XS
SM
MD
LG