Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:35

Азербайжан Армениянын аймагына сокку урганын бышыктады


Тоолуу Карабак. Иллюстрациялык сүрөт.
Тоолуу Карабак. Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжан Армениянын аймагындагы ракета комплексине сокку урганын бышыктады. Баку муну менен биринчи жолу кошуна өлкөдөгү жайды бутага алганын моюнга алды. Азербайжан Коргоо министрлиги армян тарап Гянжа шаарына, карапайым эл жашаган жерге ракета атууга даярданганын билдирди. Армениянын Коргоо министрлиги бул дооматты четке кагып, азери аймагындагы аскердик объектилерге сокку урууга укуктуу экенин билдирди. Эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабак аймагынын айынан 27-сентябрда куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Баку жана Ереван эскалация үчүн бири-бирин айыпташууда. Эки тараптан тең өлгөндөр, анын ичинде карапайым жашоочулар арасында жоготуулар бар.

«Биздин эсебибизде аймактагы жүз миңдеген киши түз же кыйыр түрдө бул чатактан жапа чекти. Жайкын тургундар каза болуп, жараат алып жатышат. Үйлөр, бизнес жабыркады. Бир кездери кымгуут түшкөн көчөлөр урандыларга айланды», - деп билдирди 14-октябрда Эл аралык кызыл чырым уюмунун аймактык директору Мартин Шуп.

10-октябрда Москванын арачылыгы менен жарашуу тууралуу макулдашылган. Бирок ал күчүнө киргенден кийин тараптар шарттарды бузгандыгы үчүн бири- бирин айыптай башташты.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG