Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Чүй облусуна жаңы жетекчи дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө жетекчи алмашты. Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы 15-октябрда кабарлагандай, премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев кызматтан алынды.

Анын ордуна Мирбек Мияров дайындалды. Өкмөт бул чечим өлкөнүн кадр потенциалын жаңылоо жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы, жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганын билдирди.

36 жаштагы Мияров байланыш тармагында иштеген. Быйылкы парламенттик шайлоого «Ордо» партиясынын лидери катары катышкан.

Намазалиев облус жетекчиси болуп 2019-жылдын июнунан бери иштеп жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG