Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Жогорку сот: Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечимге каршы арыз түшкөн эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимге каршы арыз Жогорку сотто каралып жатканы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 15-октябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады:

“15-октябрга карата жогорку соттук органда шайлоо боюнча талаш-тартышка байланыштуу биринчи инстанцияда кабыл алынган кайсы бир соттук актыга каршы кассациялык даттануу арызы каралып жаткан жок”.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, өлкөдө саясий кризис жаралган. 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

15-октябрда интернетте шайлоодо жеңүүчү аталган төрт партиянын бири - “Кыргызстан” саясий партиясы Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгаруу тууралуу арыз менен Жогорку сотко кайрылганы жөнүндө маалымат тарады. Партия өкүлдөрү комментарий же расмий маалымат берише элек.

Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мындай маалымат кайдан чыкканы белгисиз экенин, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечим тууралуу сотко кайрылуу мөөнөтү өтүп кеткенин айтты. Журабаеванын белгилешинче, БШКнын чечимине даттанууга мыйзам үч күндүк мөөнөт берет. (RK)

XS
SM
MD
LG