Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Шыкмаматовго, Жапыкеевге иш козголгонун Башкы прокуратура бышыктаган жок


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан талапкер болгон Алмамбет Шыкмаматов өзүнө жана «Чоң Казат» кыймылынын лидери Сыймык Жапыкеевге карата Башкы прокуратура Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмыш ишин козгогонун 15-октябрда «Азаттыкка» ырастады.

«Башкы прокуратурада иштегендерден 245-берене менен кылмыш иши ачылып, аны Аскер прокуратурасы иликтей баштаганы тууралуу маалымат уктум», - деди Шыкмаматов.

Анын айтымында Башкы прокуратура кылмыш иши тууралуу расмий айта элек, суракка чакыра элек.

Кылмыш ишинин козголгону тууралуу Сыймык Жапыкеевден комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Алмамбек Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге карата кылмыш иши козголгон жок» деп билдирди. Аларга карата кандайдыр бир тергөө аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүн да маалымдады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, митингчилер президенттин аппарат, парламент жайгашкан имаратка, УКМКнын имаратына кирип барышкан.

Башаламандыкта ар кайсы топтор мамлекеттик мекемелерге ээлик кылып, кызмат орундарын ээлеп алган фактылар байкалган.

6-октябрда башаламандыктан кийин саясий кризис өкүм сүрүп турганда Шыкмаматов башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгону тууралуу кабар тарап, бирок бул маалыматты мурдагы депутаттын өзү четке каккан.

5-6-октябрдагы массалык акциялардан кийин Сыймык Жапыкеев өзүн элдик башкы прокурор кылып дайындаганын партиялаштары кабарлаган. 8-октябрга караган түнү ыктыярчылар Жапыкеевди Башкы прокуратуранын имаратына киргизбей койгону тууралуу видео Интернетке тараган.

Башкы прокуратура башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызмат ордунда экендигин 11-октябрда кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG