Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Жээнбеков менен Жапаровдун сүйлөшүүсү уланып жатканы кабарланды


Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун 13-октябрдагы жолугушуусу. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун 13-октябрдагы жолугушуусу. Архивдик сүрөт.

Бишкекте 15-октябрда прездент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү уланып жатканын «Азаттыкка» ишенимдүү булактар кабарлашты. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты бышыктай элек.

14-октябрдагы кечки сүйлөшүүдөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп, президенттик шайлоо дайындалган соң, кызматтан кетерин билдиргени тууралуу маалымат тараган.

Ошол эле учурда өкмөт башчы Садыр Жапаров жолугушуудан кийин Өкмөт Үйүнүн алдында чогулган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөп, «президент кетерин» билдирип, «эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам» деген.

Президент менен премьердин 14-октябрдагы кечки сүйлөшүүсүнө Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Курманкул Зулушев да барганы кабарланган.

Ушу тапта Бишкектин эки жеринде – Эски аянтта жана «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жанында мамлекет башчынын отставкасын талап кылган митингчилер топтолуп турат.

Буга чейин Жээнбеков менен Жапаровдун бетме-бет жолугушуусу 13-октябрда да өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG