Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Ишенбай Кадырбеков: Мыйзам нугуна кайтаруу БШКнын колунда


Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

Кыргызстанда түзүлгөн азыркы кырдаалда баарын орду-ордуна коюуга 12 адамдын мүмкүнчүлүгү бар. Алар – Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү. Бул тууралуу 15-октябрда «Азаттыкка» Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча БШК мүчөлөрү милдетин так аткарып, азыркы өзгөчө абал 19-октябрда аяктагандын эртеси, 20-октябрда парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүн бекитип бериши зарыл жана ошондо Кыргызстанда мыйзам нугуна кайтууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Кадырбеков белгилегендей, президент кызматтан кеткенден кийин анын ыйгарым укугу парламент төрагасына өтөт, азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу 28-октябрда аяктайт.

Кыргызстанда парламенттик кайра шайлоо процессин аягына чыгара турган орган БШК экенин белгилеген Кадырбеков президенттик кезексиз шайлоо өткөрүүнүн жол-жобосун да түшүндүрдү:

«Конституциялык мыйзамдын 48-беренеси боюнча, эгерде президент мөөнөтүнөн мурда кетип калса, Жогорку Кеңеш бир жума ичинде президенттик кезексиз шайлоонун мөөнөтүн аныктап, шайлоо үч ай ичинде бүтүшү керек. А эгерде парламент бир жума ичинде өзүнүн ыйгарым укугун аткарбай, президенттик шайлоону дайындабаса бул конституциялык мыйзамдын негизинде бир күн ичинде күчүнө кирет да, автоматтык түрдө шайлоо башталды деп эсептелет. Ушунун негизинде Боршайком шайлоо процессин баштайт».

Ал эми парламенттик кайра шайлоо жана азыркы чакырылыш боюнча Кадырбеков буларды айтты:

«Милдет Боршайкомдо. Конституциялык мыйзамда "БШК бир ай ичинде кайра шайлоону өткөрүшү керек" деп жазылып турат. Азыркы чакырылыш боюнча, Конституцияда алар беш жылга шайланары жазылган, андан аша албайт».

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылган. Ага чейин, 13-октябрда Жогорку Кеңештин спикерлигине Канатбек Исаев шайланган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис өкүм сүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG