Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Гилмендде жайкын тургундар салгылашуулардын чордонунда калды


Гилменд провинциясынын борборундагы оорукана. 14-октябрь, 2020-жыл.
Гилменд провинциясынын борборундагы оорукана. 14-октябрь, 2020-жыл.

Ооганстандын Гилменд провинциясында өкмөттүк армия менен талибдердин салгылашуулардан качып түмөндөгөн адамдар жер которууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 15-октябрда билдиришкендей, чөлкөмдүн борбору Лашкар Гах шаарына алты миңден көп үй-бүлө агылды. БУУнун агенттиктери айыгышкан кармаштардан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын, телекоммуникациялык байланыштар керектен чыкканын, медициналык жардам көргөзүү тармагына чоң зыян тийгенин кабарлашты.

«Amnesty International» уюму касташкан тараптарды жайкын оогандарга «коопсуз коридор» берүүгө, гуманитардык кризистин тереңдешине жеткирбөөгө чакырды.

Укук коргоочулар түмөндөгөн карапайым кишинин кандуу салгылашуулардын чордонунда калганына тынчсызданууда.

14-октябрда «Чек арасыз дарыгерлер» уюму Лашкар Гах шаарындагы ооруканада жарадар болгон бейтаптар көбөйүп жатканын маалымдады.

Гилменддеги кармаштар Катарда Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрү менен кыймылдын сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан маалда болуп жатат.

БУУнун Ооганстандагы миссиясы жарыялаган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын алты айында кеминде 1 282 карапайым киши каза болду, 2 176 киши жараланды.

XS
SM
MD
LG