Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Масалиев: Үч айдын ичинде президенттик шайлоо дайындалышы керек


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

15-октябрда президентке караштуу president.kg сайты Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, президент өз арызы менен кызматтан кеткен соң үч ай ичинде шайлоо жарыяланышы керек. Масалиев өлкө үчүн кооптуу жагдай түзүлгөнүн эскертип, бул жерде премьер-министрликке келген Садыр Жапаровдун аракеттеринен көп нерсе көз каранды экенин белгиледи:

«Конституцияда так жазылып турат. Президент кеткенден кийин анын ордун парламент төрагасы ээлейт. Үч айдын ичинде президенттик шайлоо дайындалышы керек. Ачык айтканда, президент кырдаалды турукташтыруу процессине салым кошо албай койду. Балдарда акыл-эс болсо, «бийликтин бардыгын өз колумда кармайм» дебесе, өз жолу менен кетиши керек. Максаты башка болсо анда билбейм».

«Конституциянын нормасы боюнча президенттин милдетин аткарган киши президенттикке коё албайт. Аны Жапаров эске алса, ал унчукпай эле Канатбек Исаевди президенттин милдетин аткаруучу кылып калтыра бериши керек. Бардыгыбыз акыл-эс менен кеңешип иш кылбасак, анда биз жакшылыкка жете албайбыз», - деп кошумчалады экс-депутат.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

XS
SM
MD
LG