Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Бишкекте доллардын курсу кайра көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-октябрда Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллар бир күн мурдагыга караганда дээрлик 1,5 сомго кымбаттады. Улуттук банктын бүгүнкүгө бекиткен расмий курсу 79,68 сом, ал эми валюта базарында эртең мененки саат сегизде 80,20 сом болсо, күндүз эң жогорку көрсөткүч 81, 20 сомго жетти.

14-октябрда да Бишкекте доллар кескин кымбаттап, эртең менен 79,50 сом болсо, кечинде 80,40 сомго жеткен.

Эксперттер белгилегендей, бул өлкөдөгү саясий туруксуз абалга байланыштуу болууда.

Жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 13 жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 286 миллиондон ашуун доллар сатты. Бул аракет улуттук валютаны колдоо максатында жасалууда.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу көтөрүлүп жатат.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кайра арзандай баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG