Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:27

Иманалиев: Президент өзүнүн отставкасы жөнүндө видео кайрылуу жасашы керек


Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени жөнүндө видео кайрылуу кылып, журналисттерге, элге чыгып жарыяласа жакшы болмок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандагы абалды комментарийлеп жатып “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президенттин кызматын тапшыруусу боюнча бардык жагдайлар ачык айтылышы керек:

“Биз президент кандай талап менен, кандай жагдайда кол койгонун билбейбиз. Тексти чыкты, бирок өзү видео кайрылуу кылып журналисттерге, элге чыгып жарыяласа ишенимдүү болот эле. Эртең Жогорку кеңеш кабыл ала турган болсо өзү чыгып сүйлөп берсе эч кандай күмөн саноону туудурбайт эле. Себеби ага чейин жолуккан коомдук ишмерлер Эркебаев, Кулов жазышты. Кетпейм деп айткан экен. Бир саатта эле ичинде эмне өзгөргөнү, ага эмне себеп болгону боюнча коомчулукта, маалымат айдыңында да суроолорду жаратып жатат», - деди Иманалиев.

Ошондой эле депутат Кыргызстанда бийлик трансформациясы укуктук жолдон тайбай, мыйзам чегинде жүрүшү керектигин кошумчалады.

«Парламент чогулуп, биз укуктук мейкиндиктен кетпешибиз керек. Президент чынында өз ыктыяры менен кетип атса отставкасын кабыл алып, конституция боюнча алга жылып, президенттик жана парламенттик шайлоонун датасын аныкташыбыз керек. Ал эми реалдуу жагдайды эске алганда президенттин милдетин аткаруу кимге өтөрү төраганын позициясына жараша болот. Эгерде жоопкерчиликти мойнуна алып аткара берем десе, аткара берет. Аткара албайм десе, анда башкача позиция каралышы мүмкүн. Коомчулук, эл тааныган аттуу-баштуу инсандар, юристтер, укук таануучулар, омбудсмен бардык тараптарды укуктук жагдайда гана иш алып барууга чакырышы керек. Тезинен президенттик жана парламенттик шайлоонун датасын аныкташы керек. Өзгөчө кырдаал учурунда конституцияны өзгөртүү зарылчылыгы жок. Оош кыйыш учурда конституция кабыл алып көрдүк, чийки, коомчулуктун бардык кызыкчылыктарын эске албаган конституцияларды кабыл алып жүрөбүз. Конституияны жаңы парламент келгенден кийин гана түзө башташ керек. Конституциянын талаасынан чыккандан кийин башаламандык башталат», - деди Иманалиев.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери 6-октябрдан бери Бишкекте митингдерин улантып жатышат.

XS
SM
MD
LG