Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Мэрия: Митингчилерди ташыган автобустарга тиешебиз жок


Бишкек. Эски аянттагы митинг.
Бишкек. Эски аянттагы митинг.

Бишкектеги митингчилерди ташууга шаардык ишкананын тиешеси жок. Бул тууралуу 15-октябрда баш калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, аларга митингге чыккан адамдарды шаардын жүргүнчү ташуучу автобустары тейлеп жатканы тууралуу арыздар түшкөн.

Шаар башкармалыгы буга байланыштуу расмий сайтына билдирүү жарыялап, ал автобустардын «Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасына тиешеси жок экенин, митингчилер тууралуу тарап жаткан сүрөт жана видеолордогу автобустар «Шыдыр Жол KG» компаниясына таандык экенин маалымдады.

Мэрия кошумчалагандай, бул компания шаардагы №35 автобустук маршрутту тейлейт.

«Шыдыр Жол KG» компаниясына байланыштуу бир жыл мурда чыр чыккан. Мэрия билдиргендей, ага №5 каттам бөлүнүп берилген, бирок ишкана милдетин аткара албай койгондуктан маршрут жабылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясынан кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат. Негизги окуялар Бишкекте болууда. Бир нече күндөн бери баш калаада митингдер токтобой жатат. Интернетте көк түстөгү эки чоң автобус митингчилерди Эски аянтка ташып келип, кайра алып кетип жатканы тууралуу сүрөттөр жана видеолор тараган. 15-октябрда ошол эле автобустар митинг өткөн «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында да көрүндү. (RK)

XS
SM
MD
LG