Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Жогорку Кеңеште Жээнбековдун кыйын кырдаалдагы кадамдары бааланууда


Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев парламентте сүйлөгөн сөзүңдө кызматын өткөрүп берип жаткан президент Сооронбай

Жээнбековго өлкө кыйын кырдаалда турганда башка президенттердей болбой, элдин жанында болгону үчүн ыраазчылык билдирди:

«Өлкөбүздү, элибизди канга боебой, өз ыктыяры менен баш тартканын эске алып, мыйзамдарда өлкө башчылар үчүн каралган кепилдиктер Сооронбай Шариповичке (Жээнбеков-ред.) ыйгарылса деп ойлойм».

Ушул эле жыйында депутаттык ишине кайрадан киришкен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө кыргызстандыктарды Сооронбай Жээнбековду кордобоого чакырды.

Текебаев: «Мен кыргызстандыктарга кайрылгым келет, кызматтан кеткен президент Сооронбай Жээнбековду кордогонго жол бербейли. Ал өз иши үчүн тарых алдында, мыйзам алдында жооп берер», - деп айтты.

Анын алдында парламентте Жээнбеков президент катары акыркы сөзүн сүйлөп, депутаттар анын кызматтан кетишин кабыл алышкан. Андан соң парламент депутаттары Жээнбековдун бийликтен кетишине байланыштуу пикирлерин билдирип жатышат.

Соңку күндөрү Бишкекте өтүп жаткан митингдерде Жээнбековдун кетиши талап кылынып, анын дарегине көп сын-пикир айтылган.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган. 15-октябрда президент кызматтан кетерин жарыялаган. Ошол эле күнү премьер-министр Садыр Жапаров мамлекет башчынын да милдетин аткарарын, себеби парламент спикери Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тартканын жарыялаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG