Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:13

Текебаев: Жапаров президенттик шайлоого катыша албайт


Өмүрбек Текебаев. Архивдик сүрөт.

Президенттин да милдетин аткарууга киришип жаткан премьер-министр Садыр Жапаров алдыда боло турган президенттик шайлоого катыша албайт. Буга мыйзам жол бербей турганын 16-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып «Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал Жапаровго кайрылып, президенттик шайлоого достору жана партиялаштары да катышпаса туура болорун жана шайлоолорду өткөрүү мөөнөтүн, тартибин өзгөртүү аракети өлкөдө саясий туруктуулукка шарт түзбөй турганын белгиледи:

«Бүгүнкү убактылуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири – таза жана калыс шайлоо өткөрүү. Мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер-министр президенттик шайлоого катыша албайт. Бул адилеттүү чектөө, анткени эч ким өз статусунан ашыкча пайдаланбасын деген чек Конституцияда так белгиленген. Эгер премьер-министрдин жан досу, жакын партиялашы президенттик шайлоого катышса шайлоо адилеттүү өткөнүнө эл ишенеби? Эгер премьер-министр өзү катышпаса да шайлоого катышып жаткан анын жакындары өз статусун ашыкча пайдаланган жок дегенге эл ишенеби? Ошондуктан, Садыр Нуркожоевич, сиздин жакын чөйрөңүз президенттик шайлоого катышпаса Кыргызстан алдыга койгон максаттарга жетишине жакшы шарт түзүлөт эле».

Ошону менен катар Текебаев эл аралык уюмдар да, өнөктөш өлкөлөр да Кыргызстанды Баш мыйзамдан чыкпоого үндөп жатышканын белгилеп, шайлоолордун мөөнөтүн жана тартибин сактоону камсыз кылуу керектигин айтты:

«Шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтү, тартиби Конституцияда көрсөтүлгөндөй болушу керек. Эгер башкача өзгөрүүлөр болсо туруктуулуктун орношуна шарт түзбөйт».

Текебаевдин пикиринде, кезексиз президенттик шайлоону үч ай аралыгында, кайра парламенттик шайлоону 60 күн ичинде өткөрүү зарыл. Саясатчы эки шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуш кылып, буга мыйзам жол берерин кошумчалады. Парламенттик шайлоо боюнча пайыздык босогону азыркы жетиден үчкө түшүрүп, шайлоо күрөөсүн азайтуу керек экенин белгиледи.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да 16-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып конституциялык мыйзам боюнча Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катыша албай турганын айтты.

Президенттин милдетин аткарууга киришип жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик жана парламенттик кайра шайлоого карата өз пикирин билдире элек. 16-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин «Ала-Арча» резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров бүгүн кечирээк атайын билдирүү менен чыгарын айткан.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө гана өтө алган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясы өлкөнү саясий кризиске алып келген.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан чегинип, анын милдетин 14-октябрда премьер-министр болгон Садыр Жапаров аткарууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (25)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG