Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Депутат Алтыбаева премьер-министрди тарапкерлерин таратууга чакырды


Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин кызматтан кетишине байланышкан маселе каралган жыйында сөз сүйлөгөн парламент депутаты Айнуру Алтыбаева учурда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкекте топтолгон тарапкерлерин үйлөрүнө таратууга чакырды.

Депутат ар кайсы аймактардан аялдардан кайрылуулар болуп жатканын айтып, митингге чогулгандар тарашы керек деп эсептейт.

14-октябрда президенттин жарлыгы менен өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаровдун тарапкерлери бүгүн да Өкмөт Үйүнүн алдында топтолушту. Чогулгандар журналисттерге парламенттин жыйынына байланыштуу Жапаровду колдоо максатында келгенин билдиришти.

Алар 14-15-октябрда Бишкектеги Эски аянтта, «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында митинг өткөрүшүп, анда ар кандай талаптарды айтышкан.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясынан кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп кеткен. Бишкекте ошондон бери митингдер дээрлик токтой элек.

Буга чейин Интернетте көк түстөгү эки чоң автобус митингчилерди Эски аянтка ташып келип, кайра алып кетип жатканы тууралуу сүрөттөр жана видеолор тараган. 15-октябрда ошол эле автобустар митинг өткөн «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында да байкалган.

Бишкек мэриясы митингчилерди ташыган автобустар мекемеге таандык деген билдирүүлөрдү четке каккан. (NT)

XS
SM
MD
LG