Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Парламент комитети шайлоо мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи окууда колдоду


Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.
Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.

Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 16-октябрдагы жыйында шайлоо мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөрдү.

Комитет документти жалпы жыйындын кароосуна жөнөттү. Бул тууралуу парламент депутаты, аталган комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева «Азаттыкка» билдирди.

Комитет мүчөлөрү парламенттин бүгүнкү чечими менен Бишкекте өзгөчө абал режими жоюлганына байланыштуу «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү караганы белгилүү болду.

Буга чейин парламенттеги Алтынбек Сулайманов баш болгон бир катар депутаттар шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү аталган мыйзамга киргизүүнү сунуш кылган.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө гана өтө алган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG