Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Жаңы өкмөт өнөктөш өлкөлөр менен диалогун улантууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан коңшу жана башка өнөктөш өлкөлөр менен дипломатиялык диалогун улантууда. Өкмөттүн маалыматына караганда, 15-октябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өкмөт башчы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Арипов мамилелерди кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним билдирди. Өз кезегинде Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык айтып, бир тууган эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 15-октябрда мекеме башчысы Руслан Казакбаев Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен телефондон сүйлөштү. Министрлер эки өлкө ортосундагы саясий диалогду жана пландалган иш-чараларды улантуу зарыл экенин билдиришти. Казакбаев Кыргызстан Орусия менен стратегиялык жана союздук мамилени бекемдөөгө умтуларын айтты.

Ошондой эле 15-октябрда Кыргызстандын башкы дипломаты Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алып, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу маалымат берди жана аткаруу бийлигинин бардык органдары кадимки тартипте иштешин улантып жатышканын билдирди. Дипломаттар соода-экономикалык кызматташтык жана чек арадагы коопсуздук маселелерин талкуулап, ортодогу мамлекеттик чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уланарын белгилешти.

Буга чейин министр Казакбаев Казакстандын жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилери Кайрат Нурпеисов, Николай Удовиченко менен жолукканы кабарланган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда анын баштапкы жыйынтыктарына нааразы болгондор митингге чыгышкан. Бул акция башаламандык менен коштолуп, бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти, парламент төрагалыгына Канатбек Исаев шайланды. Премьер-министр Садыр Жапаров 15-октябрдан тартып президенттин да милдетин аткара баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG