Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Өзбекстанда жазуучу Мамадали Махмудов каза болду


Мамадали Махмудов.
Мамадали Махмудов.

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримов учурунда 14 жыл камакта отурган жазуучу Мамадали Махмудов каза болду. Маалыматка ылайык, 79 жаштагы Махмудов Ташкент шаарындагы ооруканада үзүлгөн. Ал бир күн мурда ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага жеткирилген.

Мамадали Махмудов Өзбекстандагы таанымал жазуучулардын бири болчу. Ал Ислам Каримовдун бийлиги учурунда 14 жыл абакта отуруп, 2013-жылы гана бошотулган. Махмудов Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов менен так талашат дегендердин катарында аталып жүргөн. Ал 1999-жылы Каримовго кол салууну уюштурууга аралашкан деген айып менен эркинен ажыратылган болчу.

XS
SM
MD
LG