Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:23

Кытай Кыргызстандагы жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү өтүндү


Кыргызстандын ТИМинин башчысы Руслан Казакбаев жана Кытайдан элчиси Ду Дэвэнь. 2020-жылдын 16-октябры.

Кытай кыргыз өкмөтүнөн Чүйдө жана Жалал-Абадда иштеп жаткан компанияларынын коопсуздугун камсыз кылууга жардам сурады. Бүгүн 16-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Кытай элчиси Кыргызстандын аймагында иштеген кытайлык компаниялардын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк сурап, Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы «Full Gold Mining» алтын кен компаниясы жана Чүйдүн Панфилов районундагы пластик чыгаруучу ишкана боюнча өзгөчө тынчсыздануусун билдирди.

Министр Казакбаев Кыргызстандагы чет өлкөлүк компаниялардын жана бул жакта иштеген жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында өкмөт бардык тийиштүү чараларды көрөрүн айтып, кытай тарап менен жакын арада «тегерек стол» талкуусун уюштурууну, бүгүнкү жолугушууда айтылган маселелерди чогуу талкуулоону сунуш кылды.

Жолугушууда ошондой эле министр Кыргызстандагы соңку ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, абал бара-бара турукташып, өлкө мыйзам нугуна кайтып жатканын айтты. Өкмөт жана башка мамлекеттик, административдик мекемелер кадимки тартипте иштеп жатышканын кошумчалады.

Эки өлкө ортосундагы келишимдердин аткарылышы, коронавируска каршы күрөш маселелери да талкууланды.

Кыргызстандын соңку эсептеги төрт миллиард 106 миллион доллар тышкы карызынын бир миллиард 775 миллиону Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Быйыл сентябрь айында мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылган. Кытай тарап буга жооп бергени тууралуу маалымат таратыла элек.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда саясий кризисти пайда кылган. Анын айынан борбор шаар Бишкекте башаламандык чыгып, мындай көрүнүш жер-жерлерде да байкалган. Чет элдик, айрыкча кытайлык инвесторлор иштеткен айрым компанияларга кол салуу болгон.

16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөп жатып Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору думактуу жеке максаты болгонун, жаңы бийликке аны улантууну аманат кылып калтырып жатканын айтты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG