Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Ташиев: УКМКда коррупция боюнча атайын сайт ачылат


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) коррупцияга каршы атайын сайт ачылат. Бул тууралуу 16-октябрда мекемеге жетекчи болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал «Азаттыктын» «Коррупцияны иликтеген журналисттерге УКМКнын мамилеси кандай болот?» деген суроосуна жооп берип жатып журналисттердин гана эмес, ар бир адамдын жардамына муктаж экенин айтты:

«Журналисттер эле эмес, ар бир адам, блогерлер, жарандык коом бар. Эгер кайсы жерде коррупция бар экенин билсеңиздер бизге билдиргиле. Биз жакында ушу боюнча атайын сайт ачабыз. Бизге маалыматты таштап койгула, ар бирин текшерип, иликтеп, эгер чын эле ошол жерде коррупциялык схема бар болсо, мыйзам чегинде жазага тартабыз. Башка айлабыз жок».

Быйыл 2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү «Азаттыктын» бажыдагы коррупцияны иликтеген журналисти пара алганын айтып чыккан. Радио жетекчилиги УКМКнын бул билдирүүсүн каралоо деп атап, «бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт» деп билдирген.

Жогорку Кеңештеги комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG