Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Николя Саркозиге кылмыштуу топко тиешеси боюнча айып коюлду


Николя Саркози.

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозиге кылмыштуу топко тиешеси бар деген айып коюлду. Бул тууралуу «Le Figaro» басылмасы Башкы мамлекеттик финансы прокуроруна шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка карагана, саясатчы ливиялык диктатор Муаммар Каддафиден президенттик шайлоо өнөктүгүнө акча алган деп шек саналууда. Буга чейин Саркозиге бул иштин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган.

Француз экс-президенти 2007-жылы президенттикке ат салышып жаткан учурда 50 миллион евро алган деп шек саналууда. Ал шайлоонун экинчи айлампасында социалисттердин талапкери Мари-Саголен Руаялды утуп чыккан.

Бул иштин алкагында Николя Саркозиге негизги айыптар 2018-жылы коюлган. Саясатчы бул айыптарды толугу менен четке кагып, тергөөнүн позициясы Каддафинин сөзүнө гана негизделгенин айтып келет.

16-октябрда Саркози «Твиттердеги» баракчасына өзүнө коюлган айыптар негизсиз экенин жазып, «акыйкат эртеби-кечпи орнойт» деп билдирди.

Ливиянын мурдагы башчысы Муаммар Каддафи өлкөсүн 42 жыл башкарган. Ал 2011-жылы өлкөдөгү нааразылыктан соң бийликтен кулатылып, козголоңчулар аны өлтүрүп салышкан.

XS
SM
MD
LG