Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада беш бейтап каза болду. Алардын үчөө Ош облусунда, бири Нарында, дагы бири Бишкекте.
COVID-19 илдети акыркы суткада дагы 470 кишиден жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 221и айыкты.
Оору жаңы такталган учурлар:
- Бишкек - 98;
- Жалал-Абад облусу – 98;
- Ош облусу - 97;
- Баткен облусу - 82;
- Ош - 38;
- Чүй облусу – 32;
- Ысык-Көл облусу – 17;
- Талас облусу - 7;
- Нарын облусу - 1.
Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51490 адамды түздү. Анын 1108и жашоо менен кош айтышып, 45 509у сакайды.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2353 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.
2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань аймагынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 39 миллион 250 миңден ашты. Алардын 1 миллион 103 миңден ашууну көз жумду, 27 миллиондон көбү айыкты.