Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Армения Азербайжанды ок атышпоо келишимин бузду деп айыптады


Тоолуу Карабак. 11-октябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак. 11-октябрь, 2020-жыл.

Армения Азербайжанды Тоолуу Карабакта 18-октябрда күчүнө кирген ок атышпоо тууралуу жаңы келишимди бузду деп айыптады. Расмий Еревандын маалыматы боюнча, ок атуу келишим күчүнө киргенден кийин бир нече сааттан соң кайрадан башталды.

«Душман түндүк багытта 00:04төн 02:45 (жергиликтүү убакыт боюнча) жана түштүк багытта 02:20дан 02:45ке чейин артиллериялык чабуул койду» деп жазды Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Шушан Степанян "Твиттерге".

Азербайжан азырынча жооп бере элек. Бир күн мурун Армения менен Азербайжан элдешүү боюнча макулдашууга жетишишкенин, ок атышууну токтотконун жарыялашкан. Билдирүү эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин сайттарында 17-октябрда жарыяланган. Келишим 18-октябрда саат 00:00дөн баштап күчүнө кирген.

Мындай чечим ЕККУнун Минск тобунун тең төрагаларынын, Франция, Орусия жана АКШнын президенттеринин 1-октябрдагы билдирүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Минск тобу - Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 1988-жылы башталган Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салууга багытталган дипломатиялык демилгеси. Анын төрагасы Франция, Орусия жана АКШ.

Тоолуу Карабак 1988-1994-жылдардагы уруштан соң өзүн Азербайжандан көз карандысыз деп жарыялаган. Ошондон бери аймакты этникалык армян кошуундары башкарат. Ал жактагы жүз миңдеген азербайжан улутундагы кишилери согуш качкындарына айланган.

2020-жылдын 27-сентябрында аймактагы чыңалуу кайра күчөп, кеминде 600 аскер жана жөнөкөй тургундар курман болгону кабарланды. Бул алты жылдык согуш аяктаган 1994-жылкы келишимден кийин эки өлкөнүн ортосундагы эң ири жаңжал.

XS
SM
MD
LG