Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Кадыров Францияда мугалимдин өлтүрүлүшү боюнча пикирин айтты


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Францияда мугалимдин чечен улутундагы адам тарабынан өлтүрүлүшүн айыптап, кылмышкердин улутуна көңүл бурбоого чакырды.

«РИА Новости» агенттиги билдиргендей, Кадыров каза болгон мугалимдин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ошол эле учурда француздардын жүрүм-турумун «чагымчыл деп гана атоого болот» деди.

Кадыров «Charlie Hebdo» журналына жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын мисал кылып, ошондон улам 2015-жылы журналдын редакциясына кол салуу болгонун айтты.

Чеченстандын башчысы Франция өзүнүн көйгөйлөрүн чечендерге оордарып коюуна көздөп жатканын билдирип, мугалимди өлтүргөн адамдын улутуна байланыштуу маселе негизсиз экенин кошумчалады.

Парижге жакын Конфлан-Сен-Онорин шаарчасында 16-октябрда мектеп мугалими өлтүрүлгөнүнө байланыштуу кылмыш иши ачылып, тогуз киши кармалды. Алардын экөө маркум иштеген мектептеги окуучулардын ата-энеси.

Кылмышка шектүү өзү орусиялык чечен тектүү 18 жаштагы жаран экени айтылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал Мухаммед пайгамбардын карикатурасын окуучуларга көрсөткөн мугалимден өч алуу максатында аны мууздап, башын кесип салган. Шектүүнү полиция атып өлтүргөн.

Орусиядагы айрым басылмалар мугалимди өлтүргөн адам Москвада төрөлгөн Абдулак Анзоров экенин жазышкан. «Charlie Hebdo» журналы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарганы үчүн басылманын дарегине такай коркутуулар болуп турат. 2015-жылдын 7-январында журналдын кеңсесине ага-ини Саид жана Шариф Куаши бастырып кирип, 12 адамды өлтүрүп кетишкен.

«Charlie Hebdo» журналы бул теракттан кийин да бир канча жолу Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарды. Акыркы жолу 2020-жылдын сентябрында, беш жыл мурун басылмага жасалган чабуул боюнча сот башталганда да карикатура жарыялаган.

«Charlie Hebdo» Чеченстандагы кумсаларды басмырлоо темасында Рамзан Кадыровдун элеси менен да карикатура чыгарган.

XS
SM
MD
LG