Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Ош милициясы «кыйноодон каза болду» деген маркумдун ишин териштирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы «милициянын кыйноосунан каза болду» деген Нурмухамед Гайбалиев боюнча маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 5-октябрда Ош шаарынын тургуну А.Ш милицияга арыз менен кайрылган. Ал ушул эле күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында бейтааныш адамдар 4 млн. 230 миң сомун карактап кеткенин айтып арыз берген.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Тергөө учурунда бул кылмышты жасагандыгы үчүн Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы тургуну И.Э суракка алынып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

15-октябрда бул кылмыш ишине тиешеси бар делген Ноокат районунун Муркут айылынын 26 жаштагы тургуну К. уулу Мны тергөөгө алып келүү үчүн милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарына барышкан. Маалыматта ал күч кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнгө аракет жасаганы айтылат. Анын жанынан «Форт-12РМ» үлгүсүндөгү ок атуучу курал, төрт ок табылган.

Шектүүнү Ош облустук милициясына алып келгенде эс-учун жоготуп, милиция кызматкерлери Ош шаардык "Тез жардам" кызматына жеткиришкен. Ал ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча Ички иликтөө кызматы териштирүү иштерин баштап, маркум кандай жагдайларда каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Эгерде кармоо учурунда ашыкча күч колдонгон болсо, текшерүүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен бул окуяга катышы бар кызматкерлерге юридикалык баа берилип, тийиштүү чара көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары бул окуяны териштирүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) көзөмөлүнө алганы белгилүү болду.

«Инстаграм» социалдык баракчасында Нурмухамед Гайбалиев милициянын кыйноосунан каза болгону тууралуу видео тарады. Андагы адамдар «баланы уруп өлтүрүп кошкан» деп айтып жатканын көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG