Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Пакистанда жер көчкү автобусту басып калып кеминде 10 адам өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын түндүк-батышындагы тоолуу Гилгит-Балтистан аймагында жүргүнчү ташыган автобусту жер көчкү басып калып, андан кеминде 10 кишинин өмүрү кыйылды.

15 кишини ташыган кичи автобус Равалпинди шаарынан Пакистандын борбору Исламабаддан болжол менен 240 чакырым түндүктө жайгашкан Скарду шаарына бара жаткан.

Полиция кызматкери Вакил Хандын айтымында, автобус Скардудагы тоолуу жолдо топурак менен таштын астында калган. Куткаруучулар жана жергиликтүү ыктыярчылар ылайдын арасынан тирүү калгандарды издеп жатышат.

Катуу жамгырдан кийин Пакистанда жер көчкү көп болот.

Пакистанда жол кырсыктары көбүнчө айдоочулардын этиятсыздыгынан жана тиешелүү инфраструктуранын жоктугунан улам болот. Расмий статистикага ылайык, өлкөдө жыл сайын 9000ге жакын жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4000ге чукул адам өлөт.

XS
SM
MD
LG