Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Францияда чечен жигиттин колунан каза тапкан мугалимди эскеришти


Самюэль Патини эскерген жазуу
Самюэль Патини эскерген жазуу

Парижде жекшембиде миңдеген киши чечен жигиттин колунан каза тапкан мугалимди эскеришти. Чогулгандар Республика аянтында маркумду эскерип, гүл коюп, шам жагышты. Мугалимдерди колдоо акциясы Лион, Тулуз, Старсбург, Нант, Марсель жана башка бир катар шаарларда өттү.

47 жаштагы Самюэль Патини Москвада туулган Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын мууздап кеткенин француз бийлиги билдирген. Кол салган кишини полиция атып өлтүргөн. Окуя Париждин жака белинде 16-октябрда болгон.

Маалыматтарга карганда, тарых жана география мугалими сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп жүргөндө Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көргөзгөн.

Француз маалымат каражаттары айрым окуучулардын ата-энелери буга нааразы болгонун жазышкан. Бир кыздын атасы атүгүл интернеттен Патиге каршы чыгууга чакырган. Ал киши жана бир нече шектүү, арасында кол салган жигиттин жакындары кармалды. Айрым мусулмандар ал сүрөттөрдү акарат катары кабыл алышат.

Соңку жылдарда Францияда исламчыл согушкерлер бир нече жолу ири теракттарды уюштурушкан. Өлкөдө беш миллиондой мусулман жашайт.

XS
SM
MD
LG