Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:32

Кабулдун талибдер менен сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Тегеранга барды


Абдулла Абдулла жана Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф. Тегеран, 18-октябрь 2020-жыл
Абдулла Абдулла жана Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф. Тегеран, 18-октябрь 2020-жыл

“Талибан” кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ооган өкмөтүнүн делегациясын жетектеген Абдулла Абдулла жекшембиде Иранга барды. Катардагы талкуулар 12-сентябрда башталган. Бирок 19 жылдан бери токтобой келаткан куралдуу жаңжалга чекит коюуга багытталган диалогдо тараптар мунасага келе элек. Ооганстандын Улуттук жарашуу жогорку кеңешинин башчысы Абдулла Тегеранда үч күн болмокчу.

Иран талибдерге жана ооган саясий фракцияларына таасир эте алчу регионалдык кубаттуу оюнчулардын бири. Абдулла Ислам жумуриятынын жетекчилери менен кездешип, Ооганстандагы тынчтык процесси тууралуу пикир алмашарын, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланарын "Твиттерге" жазды.

Шииттер үстөмдүк кылган Иран менен сунниттердин тобу ортосундагы мамилелер оңой эмес. Тегеран расмий түрдө кыймылга каршы чыкканы менен эксперттердин айтымында, Иран "Талибанга" гана эмес, андан бөлүнүп чыккан майда атаандаш топторуна да аскердик жардам берет.

Буга чейин Кабулдун өкүлү «Талибандын» негизги демөөрчүсү жана регионалдык держава Пакистанга барып кеткен.

Февралда АКШ менен «Талибан» кол койгон келишимге ылайык, чет өлкөлүк күчтөр ооган жергесинен эмки жылдын май айына чейин чыгып кетүүгө тийиш. Кыймыл бул үчүн чет өлкөлүк аскерлерге кол салбоону жана Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү баштоого убада берген.

XS
SM
MD
LG