Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Азербайжан жана Армения ок атышпоону бузгандыгы үчүн бири-бирин айыпташууда


Тоолуу Карабак
Тоолуу Карабак

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабактын айланасындагы ок атышууну токтотуу макулдашуусун бузду деп бири-бирин айыпташууда. 17-октябрда жекшембиден тартып жарашуу күчүнө кирери жарыяланып, сентябрдын аягында курчуп кеткен кырдаалды жөнгө салууга экинчи жолу аракет көрүлгөн.

Салгылашууларда бери дегенде 600 аскер жана карапайым киши каза болду. Эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабак үчүн согушка чекит коюлган 1994-жылдан бери мынча жоготуу болгон эмес эле.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү деп тааныган аймакты Ереван колдогон этникалык армяндар көзөмөлдөшөт.

Бул жолку кагылышуулар Бакунун жакын өнөктөшү Түркия, Ереван мүчө болгон Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунда лидерлик кылган Орусиянын катышуусундагы ири жаңжалга айланып кетиши ыктымал деген кооптонуулар жок эмес.

18-октябрдагы жарашуу күчүнө кирип-кирбей жатып Армения менен Азербайжан аны бузгандыгы үчүн бири-бирин күнөөлөштү.

Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян азери аскерлерин жаңжал аймагын аткылагандыгы, ракетадан сокку ургандыгы үчүн айыптады. Ал эки тараптан тең өлгөндөр, жарадар болгондор бар деп кошумчалады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрү макулдашууга карабай түн бою аймакты аткылашканын, эртең менен бир нече багытта сокку урушканын билдирди.

Министрлик ошондой эле Армениянын чек арада, Тоолуу Карабактын түндүк тарабына чабуул коюу үчүн ири калибрдеги курал-жарак колдонгондугун айыптады. Армян аскерлери муну четке кагышты.

Ал ортодо Тоолуу Карабактын бийлиги жекшембиде дагы 40 жоокерин жоготконун билдирди. Муну менен согушутук аракеттер башталгандан бери каза болгон аскерлеринин саны 673кө жетти.

17-октябрда Азербайжандын экинчи ири шаары Ганжанын калктуу районуна ракета тийип 13 киши мерт кеткен, 50дөн ашууну жараланган. Ракета кайсы жактан атылганы белгисиз. Калаа Армения менен чек арадан 100 километр алыс орун алган.

XS
SM
MD
LG