Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:14

Москвада чет өлкөлүк мигранттардын саны 40% азайды


Мекенге кайтып жаткан тажикстандык мигранттар, Москва, март 2020-жыл

Москванын мэри Сергей Собянин «Россия-1» телеканалындагы маегинде башкалаанын тазалык кызматында убактылуу иштеген жумушчулардын жетишсиздиги байкалып, кышка кам көрүү үчүн аймактардан жумушчу күчтөр тартылып жатканын билдирди.

Буга чейин мэрдин орун басарларынын бири Владимир Ефимов Москвада бир катар тармактарда жумушчу күчүнүн таңкыстыгы пайда болуп, мындан улам бизнес да жапа чегип жактанын айткан.

Орусиянын борборунда 12 миллиондой калк жашайт. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келип-кетип иштечү мигранттарды кошо эсепке алганда жалпы саны 15 миллионго чейин барат.

Жыл башындагы Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 750 миңдей кыргызстандык миграцияда жүргөн. Миграцияга чогуу чыккан балдары жана үй-бүлө мүчөлөрүн кошо эсепке алганда жалпы саны бир миллиондон ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Москва шаары менен Москва облусунда убактылуу отурукташкан.

Эксперттердин эсеби боюнча пандемия башталгандан бери Кыргызстанга Орусиядан 70-100 миңге чейин мигрант кайткан.

Марттан бери чек аралар жабык тургандыгына байланыштуу жана Орусиянын аймагына чет өлкөлүктөрдүн кириши чектелгендиктен, ушул тапта бир топ кыргызстандыктар ишке кайта албай турушат.

Ошол эле кезде Орусияда эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Бир күндө коронавирусту жугузгандардын саны 15 миңден ашып, 1 миллион 400 миң адамда илдет катталып, 24 миңден көп адам оорудан каза тапты. (LzT)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG