Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

«Жарандык көзөмөл комитети»: Шайлоо жараксыз болуп калышына БШК жооптуу эмес


Бишкектеги парламенттик шайлоо.
Бишкектеги парламенттик шайлоо.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жараксыз болуп калганына Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) күнөөлүү эмес деп эсептейт. 19-октябрда уюм билдирүү таратып, Боршайкомдун тарап кетишин талап кылуу мыйзамсыз экенин белгиледи жана мекемеге чабуул коюлуп жатканын маалымдап, андай аракеттерди токтотуу зарыл экенин белгиледи.

Шайлоо жараксыз болуп калышына депутаттар киргизген жети пайыздык босого, административдик ресурс жана алдыга чыкканы кабарланган үч саясий партиянын добуштарды сатып алышы, №2 форма менен добуш берүү укугунан кыянаттык менен пайдалануусу себеп болгону белгиленди.

Уюм Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдабекова мындай кооптуу көрүнүштөр тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын, Ички иштер министрлигине кайрылганын, бирок Башкы прокуратура да, Ички иштер министрлиги да тийиштүү чара көрбөй койгонун жазды.

Уюм бүгүнкү шартта БШКны азыркы саясий, административдик жана техникалык бүтүн курамында сактап туруу парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүүнүн, конституциялык нукка кайтуунун негизги пайдубалы болорун кошумчалады.

Буга чейин бир катар маалымат булактары БШКны таратуу боюнча демилге көтөрүлүп жатканы тууралуу маалымат тараткан. Расмий бийлик мындай маалыматка комментарий бере элек.

4-октябрда Кыргызстанда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Боршайком кийин жокко чыгарган. Буга шайлоонун эртеси башталган нааразылык акциялары себеп болгон. Азыркы тапта социалдык түйүндөрдө шайлоодогу мыйзам бузуу үчүн Боршайкомду айыптаган, анын таркашын талап кылган пикирлер айтылууда.

БШК 12 мүчөдөн турат. Аларды төрт кишилик квотадан президент, парламенттеги коалициялык көпчүлүк жана парламенттеги оппозициялык азчылык сунуш кылып, парламент беш жылга бекитет. (RK)

XS
SM
MD
LG