Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Финполдун, өкмөттүн мурдагы эки жооптуу кызматкери кармалганы тууралуу расмий маалымат тарай элек


УКМК.
УКМК.

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов аткезчилик боюнча ишке байланыштуу кармалды. Алар экөө тең суракка алынып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар маалымат булактары жазды. УКМК өзү мындай маалыматты төгүндөй да, бышыктай да элек.

Буга чейинки маалыматтарга караганда Кытайдан ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк эти боюнча кылмыш иши Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында 2018-жылы козголгон. Кийин бул ишке байланыштуу маалыматтарда 50 миң доллардык пара боюнча Жамгырчиев менен Калмуратовдун аты аталган.

Эмил Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеген. Ал административдик башкаруу боюнча штабды жетектечү.

Бактыбек Калмуратов өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп 2019-жылдын июнь айында дайындалып, ошол жылдын октябрь айында бошотулган.

Жамгырчиев 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорго жооп берип, аларды «ыплас ушак» деп атаган.

Бул маалыматтарга байланыштуу Жамгырчиев, Калмуратов же алардын жактоочулары комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG