Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Ала-Букада алтын казган кытайлык ишканада өрт чыкты


Ала-Букадагы алтын казган кытайлык компаниянын фабрикасындагы өрт. 19-октябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын фабрикасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 19-октябрда чыккан өрттү өчүрүүгө саат 10:22 чамасында Ала-Бука жана Чаткал райондорунан эки бөлүм тартылган.

Алтын комбинаттагы өрт өчүрүлүп жатканын Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагынбаев да «Азаттыкка» маалымдады.

Өрткө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Кытайлык компания өрт боюнча маалымат бере элек.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолгон 6-7-октябрь күндөрү өлкөдөгү бир катар кен иштетүүчү компанияларга кол салынып, өрттөлгөнү кабарланган.

Ала-Букадагы «Фулл Голд Майнинг» алтын компаниясы 6-октябрда ишин убактылуу токтоткону белгилүү болгон.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык «Фулл Голд Майнинг» фирмасы иштетет жана анда 400дөй адам иштейт.

Бул аралыкта жаңы бийлик чет элдик инвесторлордун иштешине жетиштүү шарт түзүлөөрүн, кооптуу жагдайлар жоюларын билдирип жатат. (NT/TB)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG