Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Ош: Жогорку сот абактагы өлүм үчүн өкмөттү БУУнун тыянагына ылайык кенемте төлөөгө милдеттендирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын тергөө абагында каза болгон адамдын өлүмү үчүн мамлекет анын үй-бүлөсүнө 300 миң сом кенемте төлөп бермей болду. Бул тууралуу 19-октябрда «Кыйноого каршы коалиция» уюму кабарлады.

Уюмдун басма сөз катчысы Нагима Озокеева «Азаттыкка» билдиргендей, 28-сентябрда Жогорку сот 2005-жылы Ош шаарында милициянын убактылуу кармоочу жайында алган жарааттан көз жумган Рахмонберди Эрназаровдун өлүмү үчүн кенемте төлөө тууралуу маселеге чекит койду. Акча маркумдун үй-бүлөсүнө мамлекеттик бюджеттен Финансы министрлиги аркылуу төлөнүп берилет.

Озокеева Жогорку соттун бул чечими Кыргызстан үчүн эл аралык укук нормаларын иш жүзүндө колдонуу жагынан маанилүү кадам болгонун белгиледи:

«Тергөө натыйжалуу жүргүзүлгөн эмес. Эч ким жазаланган эмес. Ошондуктан, анын үй-бүлөсү «Кыйноого каршы коалиция» аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине арыз жазган. Комитет арызды төрт жыл карап, «Кыргызстан Эрназаровдун укугун бузган, коргой алган эмес, ошондуктан компенсация төлөнүшү керек» деген чечим чыгарган. Биздин уюмдун адвокаттары сотко арыз жазып, ушундай чечимге ээ болушту. Мындай чечимдер абдан маанилүү, себеби мамлекеттик соттор эл аралык органдарын чечимдерин эске алып, карап чыгышы керек. Ошондуктан, ар бир адам кандайдыр бир укук бузууга күбө болсо, кайрылып, өзүн коргой алат деген бүтүмгө келдик».

Коалиция Эрназаров 2005-жылдын 4-ноябрында зомбулук үчүн шектүү катары кармалып, 3х3 метрлик камерага алты киши менен чогуу отургузулганын, алардын ур-токмогуна кабылганын, прокурордун аны тергөө абагына которуу тууралуу буйругу аткарылбай калганын маалымдады. 16 күндөн кийин Эрназаров бычакталган абалда облустук ооруканага жеткирилип, эки сааттан кийин көз жумган. Анын өлүмү боюнча кылмыш иши маанилүү медициналык далилдер келтирилгенине карабастан беш жолу токтотулуп, акыры жабылган жана эч ким жазага тартылган эмес.

2019-жылы БУУнун комитетинин чечиминин негизинде Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюмунун адвокаты Сардор Абдухалилов Эрназаровдун өкүлү катары өлүм калыс иликтенбегени үчүн компенсация төлөө тууралуу арыз менен сотко кайрылган.

Жогорку соттун чечими качан, кандай шартта аткарылары тууралуу өкмөттүн тиешелүү түзүмдөрү маалымат бере элек.

Уюм белгилегендей, жыныстык мүнөздөгү кылмыш үчүн шектүү катары камалган адамдар жанында отургандардын ур-токмогуна жана психологиялык зомбулугуна көбүрөөк дуушар болушат.

2011-жылы негизделген «Кыйноого карыш коалиция» уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан бул коалицияга 322 арыз түшкөн, анын 240 арызы боюнча териштирүү башталган, 15 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG