Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

Европада коронавирустан көз жумгандар 250 миңден ашты


Европада 18-октябрга карата коронавирустан каза болгондордун саны 250 миңден ашты. Бул аймактагы бир нече өлкөдө соңку жумада вирус жугузуп алгандардын саны мурдагыга салыштырмалуу 44 пайызга көбөйдү. Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр жаңы чектөөлөрдү киргизип жатат.

Түндүк жана Түштүк Америкадагы өлкөлөр да коронавируска байланыштуу абалды жөнгө салуу үчүн бир катар чараларды көрүүдө. 17-октябрда АКШда илдетке кабылган 52 миңден адам аныкталды. Бул соңку күндөрдөгү көрсөткүчкө караганда 28 пайызга көп. Кошмо Штаттарда вирустан улам көз жумгандардын саны 220 миңге жетти.

Израил менен Австралияда коронавируска чалдыккандардын саны азайгандыктан айрым чектөөлөр жумшартылды.

Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, дүйнө боюнча вирус жугузгандардын жалпы саны 40 миллиондон ашты, 1 миллион 113 миңден ашуун адам өмүрү менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG