Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Азербайжан менен Армения кайрадан атышуу үчүн бири-бирин айыптады


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Азербайжан менен Армениянын араздашып жаткан Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу боюнча келишими кайрадан бузулуп жатат. 19-октябрда расмий Ереван колдогон Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги азери күчтөрү түндүк жана түштүк тараптан аткылап жатканын билдирди.

Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги болсо армян аскерлери өткөн түнү Геранбой, Тертер, Агдам райондоруна, эртең менен Агжабедин аймагына ок жаадырганын кабарлады.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 19-октябрда Тоолуу Карабактагы абал боюнча жабык түрдө кеңешкени жатат. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш салгылаш учурундагы жайкын тургундарга зыян келтирген учурларды айыптап, эки тарапты ок атууну токтотууга чакырган.

Орусиянын арачылыгы менен ок атууну токтотуу боюнча Азербайжан менен Армениянын бийлиги макулдашкан. Бул Тоолуу Карабактагы чатак башталган 27-сентябрдан бери ок атууну токтотуу боюнча экинчи аракет болчу.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабак аймагынын айынан 27-сентябрда куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Баку жана Ереван эскалация үчүн бири-бирин айыпташууда. Эки тараптан тең курман болгондор, анын ичинде карапайым жашоочулар арасында жоготуулар бар.

Бул жолку кагылышуулар бир жагынан Бакунун жакын өнөктөшү Түркия жана экинчи жагынан Ереван мүчө болгон Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунда лидерлик кылган Орусия катышкан чоң чатакка айланып кетиши ыктымал деп кооптонгондор көп.

XS
SM
MD
LG