Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

АКШнын өкүлү Ооганстанда атышууну токтотууга чакырды


Залмай Халилзад.
Залмай Халилзад.

АКШнын Ооганстандагы чабарманы Залмай Халилзад бул өлкөдө уланып жаткан чабуулдар расмий Кабул менен талибдердин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө шек келтирерин эскертти. Ал мындай билдирүүсүн Гор провинциясындагы 14 кишинин өмүрүн алган чабуулдан кийин таратты. Халилзад 18-октябрда «Твиттердеги» бир нече билдирүүсүндө бул чабуулду «трагедия» деп атады.

Ошондой эле ал АКШ менен «Талибандын» ортосундагы келишимдин жана Вашингтон менен Кабулдун ортосундагы декларациянын шарттары сакталышы керек экенин белгиледи.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги «Азаттыкка» ырастагандай, 18-октябрда Гор провинциясындагы Фироз Кох шаарынын борбордук бөлүгүндө жардыруучу заттар шыкалган автоунаа жарылып, андан кеминде 14 киши мерт болду. 120га чукул жайкын тургун жараат алды.

Провинциясынын бийлиги бул чабуулдун артында «Талибан» кыймылы турганын билдирүүдө. Бирок талибдердин өкүлү азырынча бул маалыматты ырастай албай турганын айтты. Бул чабуул «Талибан» менен ооган өкмөтү Катардын баш калаасы Дохада 19 жылдык согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жаткан учурда болду.

XS
SM
MD
LG