Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага дайындалды


Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

Кадыржан Семетеев өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгону 19-октябрда жарыяланды.

Кадыржан Семетеев буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы көзөмөл башкармалыгын жетектеген.

Жапаровдун ушул эле күнкү дагы бир буйругу менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына Элнура Мамбетжунушева дайындалды.

Жапаров 14-октябрдагы буйругу менен Мамбетжунушеваны адегенде ушул эле кызматтын төрайымы кылып дайындаган. Бул дайындоо Элнура Мамбетжунушеванын коррупцияга айыпталып камакка алынып, кайра кыскарган мурдагы ишин эске салып, коомчулукта сындагандар чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG