Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:53

Президенттик аппаратты Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт


Президенттик аппараттын жаңы жетекчиси болуп 19-октябрда Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов 60 жашта. Ал 1995-жылдан бери Жогорку Кеңеште төраганын жардамчысы, эксперттик топтун жетекчиси, 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары, жетекчиси болуп үзгүлтүксүз иштеп келаткан.

Кыргыз Республикасынын III даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.

Буга чейин 15-октябрда отставкага кеткен президент Жээнбековдун аппаратын Досалы Эсеналиев жетектеп турган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG