Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

ЭлТР каналына Шаиста Шатманова жетекчи болуп дайындалды


Шаиста Шатманова, ЭлТР телекомпаниясынын жетекчиси
Шаиста Шатманова, ЭлТР телекомпаниясынын жетекчиси

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 19-октябрдагы буйругуна ылайык, ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директору Керимбек Калыкулов кызматынан бошотулду.

Жапаровдун дагы бир буйругу менен телеканалдын башкы директорлугуна журналист Шаиста Шатманова дайындалды.

Шатманова Кыргызстандагы көп нускалуу "Супер Инфо" эркин гезитинде бир канча жыл жетекчи болуп иштеген. 2020-жылдын августунда "жазгандарыбыз бийликке жакпай калды" деген негизде аталган басылмадан кеткен.

Ал Керимбек Калыкулов ЭлТР телеканалын 2020-жылдын январдан бери жетектеп келе жаткан.

ЭлТР мамлекеттин бюджетинен каржыланат. Өлкөнүн бардык аймагына көрсөткөн экинчи ири канал болуп саналат. Каналдын базасында 2005-жылга чейин аймактык "Ош 3000" каналы иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG