Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

ИИМ: Шаар-райондордо күнүгө миңден ашуун милиционер күзөткө чыгууда


Садыр Жапаров менен Улан Ниязбековдун жолугушуусу. 2020-жылдын 19-октябры.
Садыр Жапаров менен Улан Ниязбековдун жолугушуусу. 2020-жылдын 19-октябры.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын шаарларында жана райондорунда коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөткө чыгууда. Бул тууралуу 19-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушууда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Жолугушууда өлкөдөгү коомдук коопсуздук маселеси талкууланып, Садыр Жапаров кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иштерди күтүп жатканын белгиледи. ИИМ өз ишин ачык-айкын улантып, коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигин жогорулатышы керек экенин айтып, бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

45 жаштагы Улан Ниязбеков ички иштер министри болуп 14-октябрда дайындалган. Ал күч түзүмдөрүндө 1998-жылдан бери иштеп келет. Министрлик кызматка дайындалганга чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысынын орун басары болчу.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Бишкекте жана айрым аймактарда башаламандыкка алып келген. Бишкекте бир нече түн шаарды элдик кошуунчулар кайтарган. (RK)

XS
SM
MD
LG