Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Казакстанга барыш үчүн 16 жашка чыга элек жарандардан паспорт талап кылынат 


Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Кең-Булуң» өткөрмө бекети.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Кең-Булуң» өткөрмө бекети.

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү келишимге киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2020-жылдын 15-октябрынан тартып Кыргызстан менен Казакстандын 16 жашка чыга элек жарандары мамлекеттик чек арадан паспорт аркылуу гана өткөрүлөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 19-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, эми 16 жашка чыга элек жарандар Казакстанга барыш үчүн жалпы жарандык паспорт алууга тийиш болот.

Буга чейин 16 жашка чыга электер туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен өткөрүлүп келген.

Өткөп аптада Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы мындай өзгөртүүлөр ишке киргенге чейин чек арадан чыгып кеткен 16 жашка чыга элек жана паспорту жок жашы жете элек жарандар мекенине кайтып келе жатканда туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен өтө аларын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG