Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Кыргызстан Европадан каржылык жардам сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Европа Биримдигинен каржылык жардам сурады. 19-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргызстандын бюджетин колдоого жардам сураганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошону менен катар министр каржылык макулдашуулар боюнча эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, талкуулоону сунуш кылды. Өлкөдөгү азыркы саясий абал тууралуу маалымат берип, кырдаал турукташканын, саясий процесстер мыйзам нугуна түшкөнүн, жакын арада шайлоолор өтөрүн маалымады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келди. Жазында башталган коронавирус эпидемиясына байланышуу бир нече айга чектөө киргендиктен экономика көрсөткүчтөрү төмөндөгөн. Өлкө президенттик жана парламенттик кайра шайлоо алдында турат. Коронавирус көрсөткүчү кайрадан жогорулай баштады.

Быйыл июль айында Евробиримдик Кыргызстанга бюджетти колдоого жана социалдык коргоо тармагына дээрлик 25 миллион евро бөлүп берген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG